
“Манас” эпосунун күнүнө карата Бишкектеги №6 мектеп-гимназиясынын базасында 1-11-класстар арасында “Айкөл ааламы — Манас” кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка Биринчи май районундагы 6 мектеп катышты.
1-орун — №78 мектеп;
2-орун — №49 мектеп;
3-орун — №28 мектеп.
Сынак “Манас” эпосу жөнүндө КР мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор калаанын жаш балдары жана кызматкерлери арасында жайылтуу, жаштарды идеологиялык чөйрөгө тартуу максатында өткөрүлдү.



