Коом
Салмак кошууну алдын алуунун жөнөкөй жолу

Семирип кетпеш үчүн эң жөнөкөй болгон суу ичүү режимин сактоо керек. Тамактануу режими бузулган учурда ашыкча салмак менен жабыркагандар суусагандын ордуна ачка боло бериши мүмкүн.
«Тамактануу ыргагы бузулган учурда ашыкча салмак менен жабыркаган адамдар суусабай калышы мүмкүн. Алар чаңкоону кандыруунун ордуна бир нерсе жегиси келе берет. Ошондон улам семирип кетет», — деп билдирген дарыгер.
Адистин айтымында, мындан алыс болуш үчүн суу ичүү режимин сактоо зарыл.
Суткасына дене салмагынын килограммына 30 миллиграмм суюктук ичкен жакшы (орточо эсеп менен чоң кишилер үчүн күнүнө 2 литрге жакын – ред.) Бул ашыкча сугалактыкка бөгөт коет.



