Коом

Бишкекте көп кабаттуу үйдө газ жарылган окуя. Кореянын жараны каза болуп, дагы экөө ооруканада

ӨКМ кечээ, 21-августта маалымат таратып, Бишкек шаарынын 3-кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 2 кабатынан жарылуу болуп, 1 адам каза болгонун билдирген.

Окуя боюнча Октябрь РИИБ маалымат берип, 1973-жылы туулган аял каза болгонун билдирди.

«21-августта саат 15:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ баллон жарылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция 1973-жылы туулган Кореянын жаранынын жансыз денесин тапкан. Денени кароо учурунда зомбулуктун тактары байкалган эмес. Дагы бир жабырлануучу  №3 шаардык балдар ооруканасына, экинчиси № 4 клиникалык Тез жардам ооруканасына жеткирилген. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле өрт-техникалык экспертиза дайындалат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button