Коом

Түндүк — Түштүк альтернативдүү трассасында заманбап жол тейлөө базалары курулат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун үч тилкесинде заманбап жол тейлөө базалары курулат.

Учурда Кызарт ашуусу аймагында курулуш иштери башталган. Бул жерде жол кызматкерлеринин жыл бою үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Экинчи база Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын жанында жайгашат. Учурда объекттин пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери бекитилген график боюнча жүрүп жатат.

Базаларда жол куруу жана тейлөө техникалары, атайын жабдуулар, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдардын запастары сакталат. Бул трассаны ыкчам тейлөөгө жана анын жылдын бардык мезгилинде үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, үчүнчү базанын курулушуна даярдык көрүлүүдө. Адистер жер тилкесин тандап, зарыл болгон долбоордук документтерди иштеп чыгышууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button