Коом

Ысык-Көлдү тазалоо иштеринде 7,1 миң кг таштанды, 96 миң синтетикалык тор алынды

Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, суучулдар ушул жылдын 12-мартынан бери 7 миң 150 кг таштанды жана 96 миң синтетикалык торлорду алып чыгышкан.

Чолпон-Ата, Бостери, Булан-Сөгөтүдө жайгашкан эс алуучу жайлардагы суу астынан желим бөтөлкөлөр арбын чыгып жатканын билдирген суучулдар учурдагы сезондо көлдүн тазалыгына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырышат.

Белгилей кетсек, быйыл Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазало иши президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде масштабдуу түрдө башталган. Ага ылайык, бир катар министрликтерден турган жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button