Садыр Жапаров нааразы болгон 1 миллиард сом бир аптада бөлүндү
«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллиард сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө толугу менен каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.
16-июнда президент Садыр Жапаров каражат бөлүүнү создуктуруп жаткан Каржы, Саламаттыкты сактоо министрликтерин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. «Мамлекеттик ишканага шашылыш түрдө 1 миллиард сом бөлүп берүү үчүн силерге бир жумалык мөөнөт берилет» деген болчу ал.
Кенешмеде бир жума ичинде акча каражатты бөлүп берүүнү же иштен кетүү арыздарын алып келүүнү эскерткен.
Учурда тапшырма аткарылды — 1 миллиард сом «Кыргызфармацияга» которулду.
Бул деген мекеме дары-дармекти заводдордон түз ала алат дегенди түшүндүрөт. Ага жараша эл үчүн дарылардын баасы алда канча арзан болору күтүлөт.



