Коом

Бүгүн Бишкектин бир катар аймагында свет өчөт. График

Электр энергиясы бутактарды кыюу, зым тартуу жана жабдыктарды оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

26-июнда Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы болбойт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы маалымдады.

Билдирмеге ылайык, бул күнү электриктер бактарды бутап, зым тартуу, жабдыктарды оңдоо сыяктуу бир катар жумуштарды аткарышат.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

9:00-17:00 – Ахунбаев көчөсүндөгү №127 үй, Дэн Сяопин, Интергельпо, Стаханов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Дордой конушунда (Эмгекчил-1, Эмгекчил-2 көчөлөрү), Дордой-2 конушунда (Биринчи көчө);

9:00-18:00 – Арча-Бешик жаңы конушунда (Ак-Куу, Дабан, Береке, Азамат, Улар, Күйүков, Мамыр, Жылга-Сай, Абдылдаев, Ак-Марал, Бадахшан, Нурэл, Эркиндик, Муромская көчөлөрүндө);

9:30-17:00 – сегизинчи кичи райондогу № 3 үй, Жеңиш конушунда (Пригородное-3, Пригородное-4, Боталиев-4 көчөлөрү), Пригородное айылындагы Дорожная көчөсү;

9:30-17:30 – Курманалиев, Шайыр көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;

9:30-18:00 – Совмин турак жай шаарчасындагы № 1/1, 1, 1а, 2, 2а, 3, 4, 4а, 5-14, 7/1 үйлөрдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button