Окуялар

Бишкекте 18 жаштагы кыз 10-кабаттан кулап каза болду

Борбор калаада 18 жаштагы кыз 10-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 8:35 чамасында 102 кызматына Белорусская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 10-кабатынан кыз кулап кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин тергөө-ыкчам тобу дароо барган. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон кыздын өздүгү такталып, ал 2008-жылы туулган З.К. аттуу жаран экени аныкталган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Окуянын жагдайлары такталууда.

Кошумча маалымат кийинчерээк берилери айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button