Коом

Милиционерлер Ысык-Көлдө эс алып жүргөн чет өлкөлүк жарандын уюлдук телефонун жана акчасын таап беришти

Үстүбүздѳгү жылдын 12-июль күнү Ысык-Кѳл облусундагы «Кыргыз деңизи» санаторийинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо кызматында жүргѳн ИИМдин Атайын багыттагы полктун кызматкерлерине Россиядан келген турист кайрылып,  сумкасын жоготуп алгандыгын айтып жардам сураган.

Ошол замат полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Орозбек Кудайназаров, милициянын кенже сержанты Ѳктѳм Айдаров жана милициянын кенже сержанты Арген Керимбеков эс алуучу жайдын айланасындагы орнотулган видеобайкоо камералардын жардамы менен ыкчам иш-чара жүргүзүшүп,  тез аранын ичинде жоголгон сумканы таап ээсине кайтарып беришкен. Сумканын ичинде уюлдук телефон, 130 миң рубль, 20 миң сом жана керектүү буюмдар болгон.

Эл-жери үчүн күн-түнү кызмат ѳтѳп жаткан тартип сакчыларына Россиялык турист терең ыраазычылык билдирди, — деп айтылат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматынын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button