Быйылкы түшүм өлкөнү камсыздай алабы? Айыл чарба министрлиги жооп берди

Кыргызстан бүгүнкү күндө жашылча, сүт, бал, кант кызылчасы менен өзүн толук камсыздай алат.
Кыргызстандык дыйкандар быйыл кандай түшүм алары боюнча божомолун Айыл чарба министрлиги билдирди.
Үстүбүздөгү жылы кант кызылчасына болгон ички керектөөнү толук камсыздаса болот.
«Өткөн жылы 9 миң гектар жерге кант кызылчасы эгилген болсо, быйыл 14 миң гектарга себилди. Буга кайра иштетүүчү ишканалар келишимдин шарттарын жакшыртканы себеп болду. Картошка жана башка жашылчалар былтыркы жылдагыдай эле көлөмдө айдалды. Ал эми май өсүмдүктөрү 20 миң гектарга пландалып, иш жүзүндө 14 миң гектарга гана себилди», — деди министрликтин өкүлү.
Адистин айтымында, бүгүнкү күндө жашылча, сүт, бал, кант кызылчасы менен өзүбүздү толук камсыздай алабыз.
Ошондой эле өткөн жылы Россиядан, Өзбекстандан үрөн сатып алынышы сортту жаңылоо, алмаштыруу иштерин жүргүзүүгө шарт түзгөнүн кошумчалады.



