Коом

Ысык-Көл ОИИБдин дарыгерлери милиция кызматкерлерин биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтүштү

Көлдө орун алган кырсык фактыларына байланыштуу, облустук милициянын башчысы О.Кочкоровдун буйругу менен Ысык-Көл ОИИБдин медициналык кызматынын медициналык кызматкерлери жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлерине биринчи жардам көрсөтүү боюнча окутууларды өткөрүүдө.


Ысык-Көл райондук ИИБдинн базасында жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелерине баруу менен облустук милициянын медиктери тартип сакчыларына өзгөчө кырдаалдарда кандай иш алып баруу керектигин айтып, көрсөтүп беришти. Себеби, окуя болгон жерде милиция кызматкери жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтө алышы керек.
Теория катары окутулган ыкмалар дароо практика жүзүндө да көрсөтүлдү. Мисалы, жабыркаган адамдын кан тамырын кантип туура сезүү, дем алуусун текшерүү, жасалма дем алдыруу жана жүрөккө массажды жасоо. Канды токтотуу үчүн милиция кызматкерлери табелдик курал «Макаров» тапанчасынын коопсуздук курун кандай колдонушту, ал эми адамдын денесинин мүчөлөрү сынган учурда, аны жеке коргонуу каражаттары менен жабыркаган адамдын жаракатынын кесепеттеринин оордугун кандай азайтуу керектигин да үйрөнүштү.
Жолугушуунун соңунда тартип сакчылары кызматтык ишмердүүлүгүндө конкреттүү жагдайлары боюнча суроолорду беришти, ал эми адистер аларга туура аракеттенишкендигин жана кандай иш-аракет кылуу керектигин айтып беришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button