Коом

Алты айда салыктык эмес кирешелерден 37,8 млрд сом түштү

Мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин 2023-жылдын биринчи жарым жылына  карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 37,8 млрд сомду түзүп, жалпы кирешелердин 19,5 % ын түзөт.

2023-жылдын биринчи жарым жылына  каратажалпы  норматив менен жеткирилген  салыктык эмес кирешелердин бекитилген планы 22,6 млрд сомду түзгөн. Ал эми 6 айда аткарылган планы 37,8 млрд сом  болуп, пайыздык көрсөткүч такталган планга карата 121,5 % ды  түздү. БАШКАЧА АЙТКАНДА, БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНА  КАРАТА БЕКИТИЛГЕН ПЛАНДАГЫДАН  15,1 МЛРД СОМГО АШЫКЧА ЖЫЙНАЛГАН.

Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Ал эми 2022-жылга 6 айына карата салыштырмалуу кирешелер 12,5 млрд сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 149,7 пайызды түздү.

Кыргыз Республикасынын “2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына ылайык дивиденддердин план 3 200,0 млн. сом өлчөмүндө каралган. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча дивиденддерден түшкөн иш жүзүндөгү киреше 11 170,8 млн. сомду түздү, б.а. жылдык планга карата 349,1 % аткарылган, ал эми 6 айдын планы 1600,0 млн.сом ѳлчѳмүндѳ бекитилген, такталган 6131,8 млн. сом планга ылайык  аткарылуусу 182,2% ды түздү жана биринчи жарым жылдыгына  карата пландан  5039,05 млн. сомго ашыкча жыйналган, — деп билдирди КР Финансы министрлигинин басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button