Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 саатка чейин жабылат

Апта ичинде Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталат. Буга байланыштуу 26-июлдан баштап 6-августка чейин бардык унаалар үчүн каттам чектелет.
Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:
Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин,
Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.
Ал эми борбор калааны көздөй — Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):
Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн баштап 16:00гө чейин,
Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.
Бул күндөрү тоннелдин 2510 м жолу толугу менен асфальтталат. Убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.
Белгилей кетсек, акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн тоннель быйыл Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлүүдө.
Бүгүнкү күнгө дейре тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси аяктап, тоннелдин бетон плиталарын алмаштыруу жумуштары жана эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрдү.



