ИИМ: Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык мекемелеринде кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды

Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү мекемелеринин бир катар кызмат адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Билим берүү тармагындагы мыйзамдардын талаптары сакталган эмес.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-июнундагы №355 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө” токтому бар. Бюджеттик каражаттардын эсебинен билим алган жарандар бөлүштүрүүгө ылайык ишке жиберилет. Бирок айрым бүтүрүүчүлөр аймактарда иштөөнү каалашпайт.
Алсак, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын гранттык негизде аяктаган айрым бүтүрүүчүлөрү Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү мекемелеринин кызмат адамдары, анын ичинде кесиптик лицейлеринин жетекчилери менен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз жол менен бул билим берүү мекемелеринде иштегендиги тууралуу эмгек китепчелерин алышкандыгын аныкташкан. Ошол эле учурда, алар башка чөйрөдө эмгектенип келишкен.
Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү мекемелерининин айрым кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу менен эмгек китепчелерин мыйзамсыз берүү боюнча 21 факты аныкталды.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан аныкталган 21 фактынын бардыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иштери козголду.
Мамлекетке келтирилген материалдык зыян 5 250 000 сомду түздү.
Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү мекемелериндеги ушундай фактыларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.



