Коом

УКМК: Президенттин катышуусунда УКМКнын Ысык-Көл облусундагы Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду — ФОТО

Бүгүн, 2023-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров С.Н., Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К., Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов И.Ж., Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Адиев К.М., Башкармалыктын өздүк курамы жана ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышышты.

 Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун өз сөзүндө кызматкерлерди КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, тышкы жана ички коркунучтардан коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле аймактык бүтүндүктү сактоодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзгөчө ролун белгиледи.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттары бар бардык талаптарга жооп берген керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган, — деп билдирди УКМКнын басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button