Коом
Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жаткан жергиликтүү тургун кармалды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жаткан жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен 61 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну кармалды.
Кармалган жарандан 51 даана чабак балыгы жана үйлөмө резина кайыгы алынган. Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн чогулган материалдар аймактык милициянын тергөө кызматына өткөрүп берилди.





