Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө «Өспүрүм-эмгек» рейди болуп өтүп, 87 өспүрүм аныкталды

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери, социалдык кызматтардын кызматкерлери менен бирдикте, Чолпон-Ата шаарынын аймагында «Өспүрүм-Эмгек» аталышындагы рейдтик иш-чарасын өткөрүштү.

Аталган иш-чаранын негизги максаты, жайкы каникул учурунда өспүрүмдөрдү мыйзамсыз эмгекке тартуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу, эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузууга жол бербөө, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз түнкүсүн сыртка чыгуусун көзөмөлдөө жана алдын алууга багытталган.

Рейддин жүрүшүндө, соода борборлору, түнкү компьютердик клубдар, жайыттар жана балдар эмгеги пайдаланыла турган башка жерлер сыяктуу 1000ден ашуун объектилер текшерилди. Натыйжада, иштеп жаткан 87 өспүрүм аныкталды. Бардык аныкталган фактылар боюнча материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Ведомстводон белгилешкендей, рейддин негизги милдеттеринин бири болуп, өспүрүмдөрдүн түнкүсүн көчөгө чыгышын көзөмөлдөө болуп саналат. Бул убакта балдар жана өспүрүмдөр терс чөйрөгө кабылуу, мыйзамсыз аракеттерге аралашуу же кылмыштардын курмандыгы болуу мүмкүнчүлүгүнө туш болушу мүмкүн.

Андыктан, райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекциянын инспекторлору социалдык кызматкерлер менен биргеликте профилактикалык иштерди тынымсыз жүргүзүп, өспүрүмдөргө кеӊири маалымат беришип, бул маселеге ата-энелердин жана коомчулуктун көңүлүн бурууда.

Мындай ыкма өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтууга жана алардын ыӊгайлуу шарттарда өнүгүүсү үчүн коопсуз чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет, — деп  билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button