Коом

Ошто жерди басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Джалал-Абад, Баткен боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды.


Тактак айтканда, 2023-жылдын 06-август күнү Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 04-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Конурат айылында Куттубек аттуу жаран себепсиз уруп денесине залал келтирген, натыйжада жабырлануучу А.М. Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.


Аталган маалымат 2023-жылдын 06-август күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 177-бер. негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, 2023-жылдын 27-апрель күнү Карасуу районунун Коңурат айылынын тургуну 1970-жылы туулган З.Н. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 27-апрель күнү өзүнүн ошол эле айылындагы 6-сотка жерине Куттубек аттуу атуул «Менин чегим»-деп талашып, ал жерге курулуш иштерин баштап, фундамент куюп, куч колдонуу менен чегине киргизбей жаткандыгы боюнча билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган маалымат 2023-жылдын 27-апрель күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, Кыргыз Республиккасынын кылмыш жаза кодексинин 212-бер. 1-бөл. негизинде сандуу кылмыш иши козголгон.
Натыйжада, ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп Кара-Суу районунун тургуну мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, 2023-жылдын 10-август күнү кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында кармалып Тергөө кызматына жеткирилип, Карасуу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button