Коом
Жалал-Абадда «Барселонанын» академиясы ачылды

Аталган калаада «Barça Experience» алгачкы футбол академиясынын курулушу аяктады. Академия кыргызстандык балдарга гана эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн таланттуу балдарына өз эшигин ачат.
Расмий ачылыш аземи 29-августта болот. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров менен «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта келери күтүлүүдө.



