Коом

Мас абалында өлтүрүп материалга ороп салган. Жалал-Абадда 34 жаштагы жаран киши колдуу болду

Базар-Коргон милициясы изи сууй электе адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

20-август күнү саат 08:25 чамасында Базар-Коргон РИИБге 21 жаштагы район тургуну кайрылып, үйүнүн алдындагы тапчанда 34 жаштагы тууганынын жансыз денеси жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, жансыз дене материалга оролгон абалда жаткандыгы аныкталган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Базар-Коргон РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш иши изи сууй электе ачылып, шектүү катары Базар-Коргон шаарынын тургуну 1974-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө адам өлтүрүү фактысы спирт ичимдигин ичүүдөн улам келип чыккандыгы белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button