Коом
Мектеп директорлору менен завучтардын айлыгы көбөйөт

1-сентябрдан тарта мектеп директорлору жана орун басарларынын айлыгы 50% жогорулайт.
Билим берүү министрлиги билдиргендей, мурда 13 жылдык стажы бар 100-600 окуучу билим алган мектеп директору 19,1 миң алса, эми 28,7 миң сом болуп көбөйдү. 1800дөн ашык окуучусу болсо 35 миң сомго чейин жетет.
Буга чейин мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндө жетекчилери эске алынган эмес. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров “качан кыздар мугалимге турмушка чыгууга кыялданып калганга чейин айлыктарын көтөрө беребиз” деп айткан жайы бар.



