Коом
Эми жол кирени саатына төлөгөн система ишке кириши мүмкүн

Мэрия транспорт бир чекиттен экинчи чекитке чейин толук каттабай, андан улам эл көздөгөн жерине биринен экинчисине түшүп отуруп анан жеткен тургундардын арыздары көбөйгөнүн айтат.
«Европа сыяктуу саат менен төлөнгөн система болот. Мисалы, шаар тургуну акчаны төлөп коет да, каалаган маршрутуна түшүп, кайра башкасына отуруп, бир саатка жакын жүрө алат. Бир жолку, жарым саат, бир саат, бир жарым саат жүрө турган каттамдын түрлөрүн киргизебиз. Себеби шаардын бир четинен экинчисине жеткиче кенен 1,5 саат кетет», — деди мэриянын транспорт департаменинин жетекчиси Улан Уезбаев.



