Коом

Таластын жашоочусу 1 миллион 810 миң сомдук 32 баш жылкысын жоготту

Талас районунда жоголгон малдарды издеп табуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

4-июнда​ Талас РИИБге Көпүрө-Базар айылынын тургуну 28-майдан бери Талас районунун Көпүрө-Базар айылына караштуу Кум-Бел жайлоосунда жайылып жүргөн 17 баш бээсин, 1 баш байталын, 1 баш айгырын жана 13 баш кулунун жалпысынан 32 баш жылкысын таппай жатканын билдирген.

Жаранга болжолдуу 1​ миллион 810​ миң сомдук материалдык​ чыгым келтирилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Ошондой эле Кыргыз Респуликасынын аймактык ички иштер органдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекетине комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнө жана Жамбыл облусунун полиция департаментине багыттамалар берилген.

Азыркы күнү аталган кылмыштын бетин ачып, кылмышка тиешелүү адамдардын өздүгүн тактоо максатында тергөө-оперативдик иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button