Коом
Садыр Жапаров өкмөткө ар бир айылдын жолуна асфальт төшөө тапшырмасын берди

Бул тууралуу Акылбек Жапаров Кара-Суудагы асфальт-бетон заводунун ачылышында айткан сөзүндө билдирди.
“Садыр Нургожоевич бизге ар бир айылга асфальт барышы керек деген тапшырманы берди. Жолдордун асфальт болушу — бир жагынан мамлекеттин өнүгүүсүн көрсөтсө, экинчи жагынан элдин машиналары бузулбай, экономикалык жактан чоң жардам болот”, — деген Акылбек Жапаров.
Ал мындай өндүрүш мамлекетке зарыл экендигин жана алардын ачылышын колдой турганын белгилеген.
Завод толук кандуу жумушка киришсе 100гө жакын жумуш оруну пайда болуп, мамлекетке 100 млн сомго жакын салык түшөрү айтылды.



