Коом
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Шыкмаматовду бул кызматка аталган компаниянын директорлор кеңеши дайындаганын билдирди.
Шыкмаматов 2023-жылдын январь айында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. 54 жаштагы Шыкмаматов Мамкаттоо кызматынын төрагасы, юстиция министри кызматтарын аркалап ЖК депутаты да болгон.



