Коом

Тоң районунун аймактык милиция кызматкерлерине планшеттер тапшырылды — ФОТО

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгын жана Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругун аткаруу максатында, Ысык-Көл облусунун аймагында укук коргоо органдарын санариптештирүү боюнча бир катар уюштуруу иш-чаралары турмушка ашырылууда. Аталган иш-чарада, облустун ички иштер органдарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жакындан жардамдарын көрсөтүүдө.

Жакында, Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө жалпы баасы 700 000 сомду түзгөн 10 даана планшет сатылып алынды.

Тоң раймамадминистрациясынын башчысы Байыш Астанакулов салтанаттуу маанайда планшеттерди тапшырып жатып, ички иштер органдарынын системасын реформалоодо милициянын аймактык кызматкерлерине негизги роль берилгенин белгиледи. «Милиция ар дайым жарандарга жеткиликтүү болуп, калктын коопсуздугун натыйжалуу камсыздашы керек. Бул багытта, жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, алардын калк менен тыгыз иштөөсүнө тийиштүү шарттар түзүлүп келүүдө. Бул өзү, калк менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизми, милиция менен коомдун ортосундагы көпүрө болот», — деп белгиледи район башчысы.

Эми, Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан иштелип чыккан «Электрондук административдик паспорт» программасынын алкагында Тоң РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү өздөрүнүн тейлеген аймак жөнүндө зарыл маалыматтарды, башкача айтканда, жергиликтүү тургундардын маалыматтарын, автоунааларды, үйлөрдү, социалдык маанидеги объекттерди, мергенчилердин, жеке күзөт агенттиктеринин тизмесин жана башкаларды киргизишет.

Топтолгон маалыматтар жарандардын жана жеке менчиктин коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Тоң районунун аймагында ар кандай укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө өзүнүн натыйжалуу жемишин берет, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button