Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 6 «болбойт»

Атты ар кимге койдурбайт. Ымыркайга ысымды үй-бүлөнүн башчысы, айылдын урматтуу кишиси, жаңыдан жарык дүйнөгө келген перзенттин киндик энеси (же өз ата-энеси) же энени төрөткөн дарыгерге койдурушкан.
Ымыркайга маанисиз ат койбойт. Үй-бүлөдө баланын төрөлүшү кандай олуттуу окуя болсо, ага энчилүү ат берүү да ошончолук маанилүү болуп саналат.
Бир берилген ысымды улам алмаштырбайт. Кыргыздар балага энчилүү атты бир жолу жана биротоло ыйгарышат. Ысымды которбойт. Айрым гана учурда эгерде денесинде анар болсо ал чоңоюп кетпесин деп өз аттарын Анаргүл, Анарбек деген ысымдарга алмаштырган.
Ара төрөлгөн балага ысым дароо ыйгарылбайт. Жарык дүйнөгө келген баланын саламаттыгы начар, жашап кетери белгисиз болсо, анда ага ысым ыйгарылбайт. Муну менен ата-эне ымыркайды кыйнабаганга аракет кылган.
Жүрүм-туруму начар кишилердин атын ыйгарбайт. Оорукчан, илдетке көп чалдыккан, жүрүм-туруму начар кишилердин энчилүү аттарын да балага коюудан абайлоо керек. Андай жагдай ымыркайга көлөкө түшүрөт деген түшүнүк жашайт.
Аз жашаган адамдын атын бербейт. Кыргыздар бир, эки (кээде үч) мүчөл жашабай, турмуштан өткөн тааныштардын ысымын коюшкан эмес.



