Коом
Министрлик: «Китептердин жетишсиздигине ата-энелерди күнөөлөгөн эмеспиз»

7-сентябрда Билим берүү министрлиги “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде окуу китептеринин даярдалышы, таркатылышы, учурдагы абалы тууралуу маалымат жыйын өткөргөн.«Маалымат жыйында окуу китептеринин жетишсиздигине ата-энелерди күнөөлөгөн өңүттө сөз айтылган эмес. Министрлик окуу китептерин даярдоо, аларды мектептерге жеткирүү жумуштарын жигердүүлүк менен уланта берет. Кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз»,- дешти министрликтен.



