Коом

Москвада кыргызстандыктын жансыз денеси башы жок табылды. Элчилик сөөк мекенге жөнөтүлөрүн билдирди

12-сентябрда Орусиянын Москва шаарында башы кесилген 2 эркек кишинин сөөгү табылган. Алардын бири — кыргыз жараны. Бул тууралуу «Московский комсомолец» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, маркумдарды өлтүрүүгө шектелип, Өзбекстандын 22 жаштагы жараны кармалган.

Шектүү «Дружба» сейил багына кыргызстандык жаран менен жолугушууга бармак. Алар Телеграмдагы тайпа аркылуу таанышкан. Жолугушуу кыргызстандык жарандын өлүмү менен аяктаган. Ал башы кесилген абалда кароолчу тарабынан табылган.

Ага чейин шектүү Бурятиядан келген 56 жаштагы дарыгер трамватолог менен танышып, дарыгердин чакыруусу менен анын батирине барган. Дарыгердин бир тууганын кызы үйүнө келгенде анын жансыз денесин көргөн. Тергөөчүлөрдүн баамында маркумдун башы ашкана бычагы менен кесилген.

2 адамдын өлүмүнө шектүү катары кармалган жаран окуя болгондон кийин Зеленоградга туугандарынын үйүнө кеткен. Ал ошол жерден кармалган.

Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча үн катып, факты катталганын тастыкташты. «Адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон. Элчиликтин жана анын апасынын катышуусунда аталган адамдын өздүгүн аныктоо иш-чарасынын жыйынтыгында, маркумдум 1994-жылы туулган Б. у. С. экени, Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Каза болгондордун жакындарына зарыл болгон консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда»,— дешти. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button