Коом

Калмак-Ашууда калган жүк ташуучу унаанын айдоочусу изделип жатат

Калмак-Ашууда калган жүк ташуучу унаанын айдоочусу изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Такталган маалымат боюнча ал Белоруссиянын жараны. 19-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук №42 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Бирок куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан. Учурда куткаруучулар издөө ишин жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button