Коом
Коронавирус. 152 адамдан жаңы табылып, алты бейтап каза болду

Кыргызстанда 30-августка карата коронавирус дагы 152 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча?
Бишкек шаарында – 67,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 19,
Талас облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 43,
Жалал-Абад облусунда – 6,
Баткен облусунда – 12.
Ал эми бир суткада 300 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 132 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 226 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 889 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 417 киши айыгып чыкса, 2 миң 524 адам каза болду.



