Коом
Бишкек — Каракол темир жолун куруп, тез жүрүүчү поезд каттатуу пландалууда

Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканын транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте билдирди.
“Поезд жол ачыла турган болсо, Бишкектен Караколго жүргүнчүлөр 1,5-2 саатта жетип калат экен. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 4,5 млрд доллар керектелет. Ал багытта Түштүк Корея менен сүйлөшүп жатабыз”, — деди Бариев.
Учурда поезддер Бишкектен Балыкчыга чейин гана каттайт. Автоунаа менен борбор калаадан Караколго жетүү үчүн алты сааттай жол жүрүү керек.



