Догдуркүл Кендирбаева орус класстардын жабылышы боюнча айткан сөзүнө түшүндүрмө берди
Эске салсак, кечээ ал ЖК жыйынында айрым айылдарда орус тилинде окуткан класстар чектелерин билдирген.
Мындай пикир коомчулукта катуу талкууланган.
▫️Учурда айрым кыргыз тилдүү мектептерде орус класс ачып алышып, орус тилинде сапаттуу билим берүүнү камсыз кылган мугалимдери жок, бала чайналып толук кандуу кыргызча же орусчаны өздөштүрө албай, арабөк калгандарды көрүп жатам;
▫️Айыл жеринде андай класстагы окуган окуучулардын ата-энелери «орус тилинде сабак өтө турган мугалимдерди таап бербесеңер балдарыбыз тилди такыр өздөштүрө албай жатышат, бул маселени чечип бергиле» деп көп кайрылышты;
▫️Айрыкча башталгыч классты орусча окутуп, андан ары орус тилинде уланта турган предметтик мугалимдери жок, кайра кыргыз тилинде уланткан фактылар бар;
▫️Толук кандуу орус тилинде мугалимдери, окуу методикалык комплекстери менен жетиштүү камсыздабай туруп баланы орус тилинде окутуу гумандуу педагогика принциптерине туура келбейт жана педагогикалык жетишкендигин камсыз кыла албайбыз, биз балдарыбыздын убалына калабыз;
▫️Балдарга орус тилинде билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандыра албагандан кийин андай натыйжасыз классты жаап салган туура деп ойлойм;
▫️Араңарда орус тилдүү предметниктер, башталгыч класстын мугалимдери болсо мектепке, айрыкча айыл мектебине кош келиңиз! Вакансия көп!
▫️Негизинен көп тилди билүү абдан жакшы мүмкүнчүлүк жана бул багытта иштер уланат.
@abal-kg



