Коом

Ысык Көлдөгү милиция кызматкерлеринин терс жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал мамиле кылынат

Кызматкерлердин ичкилик ичип алып кызматтык унаада жүрүшкөңдүгү боюнча кызматтык иликтөө ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында Ыссык-Көл ОИИБдин МКККнын туристтик — экологиялык взводдун эки кызматкери милициянын подполковниги М.Т. жана милициянын улук лейтенанты Н.у.А. ички иштер органдарынын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, кол алдындагы кызматкерлердин ишине көзөмөл жана көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн туристтик — экологиялык взводдун командири милициянын подполковниги М.Н. ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Тоң районунун ички иштер башкармалыгынын бир катар биринчи жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Иликтөө иштерине алып келген бул окуя видеого тартылып, социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Кызматкерлердин бул жүрүм-туруму кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциптерин бузган. Ички иштер министрлиги өздүк курамдын адеп-ахлаксыз жүрүм-турумуна эч кандай сабырдуулук менен мамиле кылуу — ведомствонун ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгилейт. Милиция кызматкерлеринин ушул сыяктуу жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал мамиле кылынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button