Милициянын формасын кийип, «форманы чечейин анан мушташабыз» деген жигит кечирим сурады

Буга чейин милициянын кайгуул кызматы видео таратып, андагы жигит изделип жатканын билдирген. «Бул видеодогу милиция формасын кийип турган жаран Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлеринин катарында кызмат өтөбөйт»,-дешкен.
Чүй ОИИБден маалымат беришип, бул факты Жайыл РИИБге катталып, териштирүү жүргүзүлгөнүн билдиришти.
«Териштирүү учурунда, милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын 2004-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Өзүнүн түшүндүрмөсүндө ал милиция кызматкеринин кийимин уруксатсыз кийип, вайн тартканын айтты. Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аталган жаран бул окуя милиция кызматкерлеринин аброюна терс пикир жаратаарына маани бербегендиги үчүн кечирим сурады«,- дешти.



