Коом

Атамбаев эртең Кыргызстанга кайтабы? Баласы бул маалыматты төгүнгө чыгарды

Соцтармакта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эртең, 19-октябрда Кыргызстанга кайтып келери тууралуу билдирүүлөр жарыяланды. Бул тууралуу маалыматты анын уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев төгүнгө чыгарды.

«Акыркы эки күндөн бери атайын чагымчылдыкка түрткөн жана жаштарды саясий кызыкчылыкка колдонуу максатында видео, посттор жарыяланып жатат. Расмий түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт! Провокацияга алдырбагыла туугандар! Мындай маалыматтарды биздин ички же сыртта жүргөн душмандар гана уюштурушу мүмкүн!!! Биздин мамлекетибизге туруктуулук керек. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам!» — деп жазылат Сеид Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button