Коом
Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 73 мас айдоочу кармалды

ЖКККББ маалымдагандай, “Бахус” аттуу рейди өткөрүлүп, жол эрежелерин бузган 4352 айдоочу аныкталган.
Алардын ичинен:
— мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу,
— карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу;
— ылдамдыкты ашырып айдаган 432 айдоочу;
— терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 15 айдоочу;
— тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 88 айдоочу кармалган.
Ошондой эле 234 унаа айып короо жайына токтотулган.



