Коом

Бишкекте коомдук транспортто накталай төлөм 25 сом болору айтылды

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто накталай төлөмдү 25 сомго көтөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу  Максатбек Сазыкулов билдирди.

Ал мындай сунуш жол кирени көтөрүү боюнча токтомдун долбоорунда камтылганын айтып, бул кадам коомдук транспортто жол кирени төлөө акысын толугу менен электрондоштуруу максатын көздөрүн белгиледи.

“Карта албайм, накталай төлөйм деген жарандарга жаңы тариф киргизели деп жатабыз. Мунун баасы 25 сом болот”, – деди Сазыкулов.

Учурда накталай эмес төлөмдү колдонгондордун саны 150 миңге чыкты. Эгер мэрия дифференциялдык тарифти киргизсе, карта алгандардын саны дагы өсөөрү белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button