Коом

ЦУМга бомба коюлду деп жалган маалымат тараткан адам кармалды

ИИМ 26-октябрда “Айчүрөк” соода борборунун имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Бактыга жараша, жардыруучу зат табылган эмес. 

ИИМ кылмышка шектүү делген Бишкектин 19 жаштагы тургунун  кармады. Ал соода борборлорунун биринде коомдук тамактануу жайында иштейт. 

“Алдын ала маалыматтар боюнча, бул жаран соцтармакта фейк аккаунт ачып, ал жерден жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн. Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террористтик мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныкталууда”, — деп айтылат маалыматта. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button