Коом
8 министрдин орун басарлары кыскартылды. Тиешелүү токтомго Акылбек Жапаров кол койду

Орун басарлар кызматынан кол жууй турган органдар:
▪️Экономика жана коммерция министрлиги
▪️Финансы министрлиги
▪️Тышкы иштер министрлиги
▪️Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
▪️Айыл чарба министрлиги
▪️Билим берүү жана илим министрлиги
▪️Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
▪️Санариптик өнүгүү министрлиги.
▪️Мындан сырткары, тизмеде Социалдык фонд дагы бар.
Жалпысынан 14 орун басар кызматтан кетет. Кыскартуунун максаты — бюджетти үнөмдөө жана ишти оптималдаштыруу. Буга чейин экономика министринин эле 8 орун басары болгону сынга алынган.
@abal-kg



