Коом
Саламаттык сактоо министри менен ЖК депутаттары “Ош” базарына рейдге чыкты

Алар өспүрүмдөргө күчтүү таасир берген дарылар сатылган жерлерди аныктады.
Контейнерлердин биринен ушундай дарынын 22 флакону табылган. Анын ээсине 37,5 миң сом айып салынды.
Рейд “дарыкана баңгичилигин” алдын алуу максатында өткөрүлдү. Күчтүү таасир этүүчү дарыларды сатуу кылмыш болуп саналары эскертилди.



