Коом

Каракол шаарында Кыргыз милициясынын күнүнө карата майрамдык иш чара өттү — ФОТО

Бүгүн, 1-ноябрда Каракол шаарында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанат Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын гарнизонунун парады менен башталып, андан соң Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында уланды.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, укук коргоо органдарынын, мекеме-уюмдардын жана ведомстволордун жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери, облустун коомчулугу, ошондой эле Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү келишти.

Иш-чарада Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров майрамдык баяндама жасады. Ал ички иштер органдарынын өздүк курамын жана ардагерлерин майрамы менен куттуктады. «Милицияда иштөө дайыма тобокелчилик жана коркунуч менен байланыштуу. Андыктан, биздин кызмат кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү, тырышчаактыкты жана эрктүүлүктү талап кылат, биздин кызматкерлерге эң коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүүгө туура келет. Сиздердин аткарган кызматыӊыздар урматтоого, ыраазычылыкка жана колдоого татыктуу. Сиздер күн сайын өлкөнүн бейпил жашоосун камсыз кылууга чоң салым кошуп келесиздер», — деди облустук милициянын жетекчиси.

Башкармалыктын башчысы кызмат учурунда курман болгон кесиптештеринин жаркын элесине таазим этип, урмат-сый көрсөттү, ошондой эле кызматтын кызыкчылыгына берилип, өздөрүнүн салымын кошкон ички иштер органдарынын ардагерлерине ыраазычылык билдирди. «Ак ниет жана жан аябас эмгегиңиздер үчүн чоӊ рахмат. Сиздерге мындан аркы кызматыңыздарда ийгиликтерди, чың ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалайм», — деп сөзүн жыйынтыктады Орунбай Кочкоров.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн ыйгарым укуктуу өкүл Илияз Иманбетов коомдук тартипти, коопсуздукту жана адам укуктарын коргоо чынында эле маанилүү, өтө оор, көп учурда кооптуу иш экенин баса белгиледи. «Майрамыңыздар менен урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерге жаңы орчундуу жетишкендиктерди, кызматыңыздарда ийгиликтерди, үй-бүлөдө өз ара түшүнүшүүнү жана урматтоону, жакындардын жана бир туугандардын ишенимдүү колдоосун каалайм», — деди ал.

Майрамдын урматына кызматтык ишмердүүлүктө жогорку натыйжаларга ээ болгон кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сыйлыктары менен сыйланышты. Мындан тышкары, бир катар милиция кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, ведомстволук сыйлыктар жана медалдар тапшырылды, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button