Коом

Чүйдө жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактылары аныкталды

2023-жылдын октябрь айында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери Москва районунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактысын аныкташкан.


Тактап айтканда, Чүй облусунун тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, жергиликтүү айыл өкмөтүнө таандык болгон 55 га жер тилкесин пайдаланууга же иштетүүгө тийиштүү документтери жок болгондугуна карабастан, аталган айдоо жер аянтын өз алдынча басып алуу жана иштетүү үчүн өзүнүн тааныш адамдарына буйрутма берген.


Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча кылмыш иши козголгон.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаты (Чүй облусу), ошону менен бирге дыйкан чарбасынын төрагасы болгон Н.С. аттуу жаран кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жаран кылмышка шектүү катары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button