Коом
Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Шектүү жеңил жаза берүүнү сурады

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча соттук отурум өтүүдө.
Айыпталуучу Чынтемир Аширалиев акыркы сөзүн айтты. Соттолуучу чечим кабыл алуудан мурда бардык жагдайлар эске алынышы керектигин кошумчалады. «Бардык жагдайларды, тергөөдөгү бардык кемчиликтерди, мамлекеттик айыптоочу менен тергөөчүнүн ар кандай материалдарын эске алып, жеңил жаза берүүнү суранам », — деди ал.



