КоомСаясат

Акылбек Жапаров Камчы Көлбаевдин апасынын 70 жылдык тоюна баргандыгы тууралуу президенттик администрация жооп берди

Социалдык тармактарда өкмөт башчы Акылбек Жапаров маркум Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейинде сүйлөгөн видео жарыяланган.
Бул боюнча Президенттин Маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков ал эски видео экенин, өкмөт башчы кошунасы катары чакырылганын билдирди.

“Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз”, — деди Орунбеков.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button