14-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Таласта +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл облусунда +20…+25 жана Нарын облусунда +23…+28 градус болот.
Ал эми ишкек шаарында +25…+27, Чолпон-Ата шаарында +22…+24 жана Ош шаарында +28…+30 градусту көрсөтөт.



