“Пробациялык көзөмөлдү узартам” деп коркутуп, опузалап пара алган жетектөөчү адис кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну 1997-жылы туулган С.уулу Б. арыз менен кайрылган. Арыздануучудан Юстиция министрлигинин алдындагы Пробациялык департаментинин Ноокат райондук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А. “пробациялык көзөмөлдү узартамын” деп коркутуп, 30 000 сом сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (опузалап пара алуу) менен кылмыш иш козголгон.
ИИМдин КИББнын 4-башкармалыгынын кызматкерлери Юстиция министрлигинин Контролдоо-инспектордук иш бөлүмү менен биргеликте 2023-жылдын 13-ноябрында Ош шаарынан талап кылып жаткан акчанын жарым бөлүгүн алып жаткан учурда жетектөөчү адисти кармашкан. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына кармалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



