Коом
Катуу шамалдан улам Баткен менен Раззаковдо аба каттамдары токтотулду
Бул тууралуу бизге “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Аба ырайынын бузулганына байланыштуу Жалал-Абадда дагы аба кемелери учуу мөөнөтүнөн кечигип, бирок учурда кайрадан ишке кирди. Ал эми Ошто бардык рейстер каттап жатат.



