Коом

Кышында Ошто арматура менен сабалган «Коён» дагы эки кылмышка шектелип кармалды

Мындай каймана аты бар Майрамбек Низамов 18-октябрда Lexus ES унаасын жергиликтүү тургундан $27 миңге баалап алып, акчасын 31-октябрда бермек болгон. Бирок ал $25 миңге машинаны сатып ийип, өз кызыкчылыгына жумшаганы аныкталган.   

Экинчи жабырлануучунун да Kia Sorento унаасын өткөн айда $45 миңге баалап, ишеничтүү болуу үчүн 60 iPhone (14-15-сериядагы) калтырып кеткен. Бирок акчасын убагында бербегендиктен телефондордун коробкасын ачса 3 болт чыккан. Жаран ошондо гана алданганын түшүнүп милицияга кайрылган. 

Бул кылмыш боюнча Коён менен кошо 21 жаштагы К.С. аттуу кыз кармалды. 

Белгилей кетсек, Майрамбек Низамов кылмыштуу топтун мүчөсү, буга чейин 4 жолу соттолгон. Быйыл январда Ошто арматура менен катуу сабалган болчу. Ал эми августта бирөөгө бычак уруп кармалган. Кийин аны сот үй камагына чыгарып койгон. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button