Коом
Камчы Көлбаевдин 720 батири менен 6 унаасы мамлекеттин менчигине ыктыярдуу берилди

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев “Кабар” агенттигине берген маалымат жыйында айтты.
Батирлердин курулушу бүтө электигине байланыштуу алар агенттикке 2027-жылы өтөрү, ал эми унаалар кечээ аукционго коюлгандыгы айтылды.
Машиевдин айтымында, жыл башынан бери агенттикке 38 кыймылсыз мүлк (жер тилкелери менен үйлөр) өткөн. Алардын арасында Көлбаевге таандык мүлк да бар. Бирок алардын канчасы кримтөбөлгө тиешелүү экендиги айтылган жок.



